Баткен шаардык мэри Сейтек Кулубаев И. Раззакова көчөсүндөгү кемтиктерди тез арада жоюу тапшырмасын берди. Бул чечим санитардык жана инфраструктуралык абал боюнча жүргүзүлгөн выезддик көзөмөлдөн кийин кабыл алынды.
Профильдүү кызматтар көчөнүн санитардык абалын, жашыл зоналарды, жолдун боюндагы аймактарды, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү көчөлөрдү жана инженердик инфраструктураны текшеришти. Кызматтар аталган кемтиктердин жоюлушу үчүн чара көрүүгө милдеттендирилди.
Бул тапшырмалардын аткарылышы толук мэриянын көзөмөлүндө турат, ошону менен бирге шаар калкынын жайкы мезгилдеги жашоо-шарттарын жакшыртуу максатында борбордук көчөнүн тазалыгы жана ыңгайлуулугу камсыздалат.







