Ош шаарында жайгашкан «Семейный» кафесинин чатырында өрт чыгып, учурда өрттү өчүрүү иштерин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жүргүзүүдө.

Өрт чыккандыгы тууралуу маалымат министрликке саат 13:55те келип түшкөн. Учурда иликтөө жана өрттү токтотуу аракеттери жүрүүдө.