Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен АКШнын Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча жардамчысы Пол Капур санкциялык тематика боюнча өз ара аракеттенүүнү, визалык жол-жоболорду жана визалык кепилдиктерди киргизүүнү талкуулашты.

Тараптар ошондой эле кыргыз-америкалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүү маселелерин карашты.

БУУ Коопсуздук Кеңешине шайлануу

Өзгөчө көңүл Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга БУУ Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышына бурулду. Америка тарап Кыргызстанды шайланышы менен куттуктап, эл аралык жана регионалдык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча тыгыз өз ара аракеттенүүгө даяр экендигин билдирди.