Ош шаардык мэриясынан билдиришкендей, К. Баялинов көчөсүнүн курулушу аяктап, ал расмий түрдө ишке киргизилди. Бул оңдоп-түзөө иштери шаардын инфраструктурасын жакшыртууга багытталган.

Жолдун эки тарабында жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар, жашылдандыруу аймактары, ошондой эле сугат тармактары орнотулган. Мындан сырткары, унаалар үчүн ыңгайлуу унаа токтотуучу жайлар да каралган.

Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык Кеңештин төрагасы Болотбек Баетов жана жергиликтүү тургундар катышты.

Бул көчөдө мейманкана, банк жана мамлекеттик маанидеги башка объектилер жайгашкан. Оңдоп-түзөө иштери бир ай мурун башталган.