Бишкек шаарында Фрунзе көчөсүнүн А. Суюмбаев жана Ибраимов көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүгү жол оңдоп-түзөөдөн соң кайрадан унаа каттамдары үчүн ачылды.
Оңдоо иштеринин алкагында эски асфальтобетон жамаасы алынган, жолдун негизин бекемдөө, инженердик тармактарды түздөө, жаңы асфальтобетон төшөлүп, жол инфраструктурасынын элементтери жаңыланган.
Буга чейин Фрунзе көчөсүнүн Ибраимов жана Ю. Абдрахманов көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүгү ремонттук иштер үчүн жабылган эле.











