Ош шаарындагы Сары-Зоо аянтында билим берүү мекемесин куруу иштери ушул жылдын февраль айында башталган. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин билдирүүсүнчө, учурда объекттеги бардык иштер толугу менен аяктап, сапаттык текшерүүдөн өткөн.

528окуучу орундары
5блок
3кабат
662,6кВт/ч күн панелдеринин кубаттуулугу

Архитектуралык долбоорго ылайык, имарат беш блоктон турган үч кабаттуу курулуш болуп саналат. Мектептин инфраструктурасына адистештирилген окуу кабинеттери, лаборатория, компьютердик класс, эмгек кабинеттери, китепкана жана медициналык кабинет кирет. Иш-чараларды өткөрүү үчүн акт зал, тамактануучу жай жана толук жабдылган спорт залы каралган.

Долбоордун негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — кайра жаралуучу энергия булактарын киргизүү болуп саналат. Электр менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн жана ресурстарды керектөөнү азайтуу максатында объектке 662,6 кВт/ч кубаттуулуктагы күн панелдери орнотулган. Жакынкы күндөрү мектепти расмий түрдө пайдаланууга берүү пландалууда.