Чүй облусунун Кош-Коргон айылында жайгашкан уруксатсыз тиричилик калдыктарынын таштанды топтогу жоюлду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Ведомстводан билдирилгендей, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору жергиликтүү тургундардын кайрылууларынын негизинде текшерүү жүргүзүштү. Инспекция учурунда белгиленбеген жерге таштандыларды мыйзамсыз топтоо фактысы катталган.

Текшерүү иштеринин жыйынтыгы боюнча жергиликтүү бийлик органдары аймакты тазалашты. Экологиялык ченемдерди бузууга жол берген адамдар боюнча мыйзамдарга ылайык административдик таасир этүү чаралары көрүлдү.