9-ноябрдан 22-ноябрга чейин Ошто Кыргызстан менен Германиянын 30 жылдан ашык техникалык кызматташтык тарыхына арналган фотокөргөзмө иштейт. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин билдирүүсүнчө, иш-чара көп жылдык өнөктөштүктүн натыйжаларын жана анын республиканын өнүгүүсүнө тийгизген таасирин көрсөтүүгө багытталган.
"Германия менен Кыргызстандын ортосундагы техникалык кызматташтык өлкөнүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, квалификациялуу кадрларды даярдоого, калктын жашоо сапатын жогорулатууга жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылууга багытталган"
Экспозицияны расмий ачуу аземи 10-ноябрда саат 15:00гө пландаштырылган. Көргөзмө алкагында эл аралык өз ара аракеттенүүнүн өлкөнүн социалдык-экономикалык жана экологиялык тармактарына кошкон салымын чагылдырган 100дөн ашык сүрөт сунушталат.
Тематикалык багыттар
- Соода жана регионалдык кызматташтык
- Жеке сектор жана жашыл экономика
- Энергетика, суу жана климат
- Билим берүү
- Туризм
- Саламаттыкты сактоо
- Жаратылыш ресурстарын сактоо
- Социалдык биримдик
- Туруктуу айыл чарбасы
- Санариптик трансформация











