23-июлда подполковник Валерий Георгиевич Фадин каза болду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.
Валерий Георгиевич 1956-жылы Россия Федерациясынын Алтай крайынын Бийск шаарында туулган. 1986-жылы СССР Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Караганда жогорку мектебин аяктаган.
Ал кызматтык жолун 1979-жылы ички иштер органдарында баштаган. 1997-жылга чейин ар кандай оперативдүү жана жетектөөчү кызматтарда иштеген. 1997-жылдан 1999-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук министрлигинде кызмат өтөгөн.
Кызматтык жылдарында Валерий Георгиевич өзүн кесипкөй, жоопкерчиликтүү жана принципиалдуу офицер, татыктуу жетекчи жана ишенимдүү жолдош катары көрсөткөн. Аны жогорку кесипкөйлүк, милдет сезими жана кызматка берилгендик айырмалап турган. Валерий Георгиевичтин жаркын элеси анын туугандарынын, жакындарынын, кесиптештеринин жана кызматташтарынын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.
УКМКнын жетекчилиги, Ардагерлер кеңеши жана өздүк курамы оор жоготууга байланыштуу маркумдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.


