Кубанычбек Турганбаев 1981-жылдын 29-июнунда Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Тоголок Молдо айылында дүниөгө келген. 2006-жылы Кыргызстандын Эл аралык университетин "Юриспруденция" адистиги боюнча аяктаган.

Ал 2007-жылдан тартып Улуттук коопсуздук комитетинде иштей баштаган жана 2021-жылга чейин ар кандай жетекчилик кызматтарды ээлеген. 2022-2024-жылдары "Кумтор" алтын казуу ишканасынын коопсуздук кызматынын жетекчиси болгону, 2024-2026-жылдары болсо "Азия Имарат" ЖЧКсынын генеральный директорлугун аткарган.

Турганбаев мамлекеттик кызматтагы жана кесиптик ишмердигиндеги жетишкендиктери үчүн бир катар мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктарга ээ.