Чет өлкөдө дарылануусу талап кылынган эки жашар кызга медициналык жардам көрсөтүү маселеси Президент Садыр Жапаровдун Токмок, Кемин жана Чүй райондорунун тургундары менен болгон жолугушуусунда көтөрүлгөн. Арпа-Тектир айылынын тургуну мамлекет башчысына көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган.
"Көмөк көрсөтүп, колуңардан келген жардамыңарды бериңдер. Эгер каражатыңар жок болсо, бюджеттен сураныңар"
Энесинин айтымында, эки жашар бала өз алдынча отуруп жана жүрө албайт. Буга чейин кыздын башына үч жолу операция жасалган, учурда ал шунттоло турган түзүлүштү колдонууда. Өлкөдө аппаратты жөндөө үчүн зарыл болгон программатор жок болгондуктан, аны Москвадан алып келүүгө туура келген.
Учурда үй-бүлөгө Кытайга дарылануу үчүн саякатты уюштуруу керек, ал үчүн каражат чогултуу иштери жүрүп жатат. Кайрылууну угуп чыккан Президент саламаттыкты сактоо министри Дамир Осмоновго үй-бүлөгө зарыл болгон колдоону көрсөтүүнү тапшырды.













