Москов районунун Кош-Добо айылындагы мектептин абалы боюнча маселе Садыр Жапаров менен жолугушуу учурунда жергиликтүү тургундар тарабынан көтөрүлгөн. Айылынын тургуну Аида Нуракованын айтымында, 1961-жылы эле салынган имарат канааттандырарлык эмес абалда.
Президент Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевден бул объект эмне үчүн жакын арада курулушу пландалган 111 окуу жайдын тизмесине кирбегендигин тактады. Министрдин билдирүүсүнө караганда, учурда мектеп бул тизмеге кирген эмес.
Билим берүү министри Догдуркуль Кендирбаева адистер окуу жайлардын абалын текшерүү жүргүзүп жатканын түшүндүрдү. Авариялуу абалы тастыкталган учурда объекттер жаңы имараттарды салуу үчүн тизмеге киргизилет.
Эгерде конструкциясы дагы бекем болуп, имаратты оңдоп боло турган болсо, анда ошого жараша чечим чыгарабыз. Мен өзүмө жазып алдым. Келиңиздер, мектепти тизмеге киргизели
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Садыр Жапаров билим берүү жана курулуш министрликтерине жергиликтүү жерде баалоо жүргүзүүнү тапшырды. Текшерүүнүн жыйынтыгына жараша капиталдык оңдоо жүргүзүү же №112 мектеп катары жаңы имарат куруу жөнүндө чечим кабыл алынат.
















