Ош шаарында жакынкы күндөрү жаңы сквердин ачылышы күтүлүүдө. Объект И. Раззаков жана Ж. Касымбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Манас-Ата» муниципалдык аймактык башкармалыгында жайгашкан.
Шаар мэриясынын маалыматы боюнча, учурда объектте иштердин акыркы этаптары аякталууда. Тактап айтканда, адистер аймакты көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана асфальт төшөө иштери менен алектиште.
Бардык курулуш жана ландшафттык иштер толугу менен аяктаары менен, жаңы эс алуу зонасы шаардыктар жана шаар коногу үчүн жеткиликтүү болот.
















