Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Талас облусуна жумушчу сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов билдирди.
Сапардын алкагында мамлекет башчысы бир нече негизги иш-чараларды пландаштырган. Ал региондун калкы менен жолугуп, учурдагы социалдык-экономикалык абал жана Талас облусун мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги тууралуу маалымат алат.
Мындан тышкары, сапардын программасында борбордук спорттук объектинин — Талас шаарындагы «Талас Арена» стадионунун ачылыш аземине катышуу каралган.






























