Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Аксы районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор жана мындан аркы өнүгүү пландары менен таанышты. Президенттин көңүл бурган негизги багыттардын бири – аймактын ирригация жана энергетика тармактарындагы өнүгүш болуп саналат.

Мамлекеттик жана жеке инвестициялардын көлөмү

Администрациянын маалыматы боюнча, Аксы районунда бул мезгил аралыгында мамлекеттик жана жеке инвестициялардын эсебинен жалпысынан 78 объект пайдаланууга берилген. Мамлекеттик инвестициялар аркылуу 65 объект, ал эми жеке инвестициялар аркылуу 13 объект ишке киргизилген.