21-ноябрь күнү таң эртесинде Корковаду тоосунда таң калыштуу көрүнүш байкалган. Статуя жайгашкан тоонун чокусун тыгыз булут катмары каптап алган. Бул учурду Санта-Тереза районунун фотограф жана видеограф Марсиу Амару тартып алган. Видеодо булуттар тоонун капталдары боюнча төгүлүп жаткан суу сыяктуу көрүнүп, таң калыштуу эффект жараткан.

Бул табигый кубулуш орографиялык булут деп аталат. Euronews басмаканасынын маалыматы боюнча, бул процесс океандан келген нымдуу абанын тоо капталдары боюнча көтөрүлүп, муздап, конденсациялануусунан келип чыгат. Буллуттар тоонун чокусунан өткөндөн кийин, капталдын экинчи тарабы боюнча төмөн түшүп, суу өткөргүчтүн пайда болушуна шарт түзөт.

Видеонын автору тартылган кадрлар чыныгы экенин жана жасалма интеллекттин жардамы менен жасалбагандыгын өзгөчө белгилеп кетти.