Венгриядагы Дунай дарыясында суунун деңгээли болуп көрбөгөндөй төмөндөп, Будапешттеги Маргит көпүрөсүнүн пайдубалы толугу менен ачыкка чыкты. Euronews билдиргендей, дарыянын түштүк бөлүгүндө тарыхый минимум катталган.

Мохач шаарынын жанынан Экинчи дүйнөлүк согуш маалында чөгүп кеткен кеменин корпусу суудан көрүндү. Суу тайыз жерлердин көптүгүнөн улам кеме жүрүү кыймылына чектөөлөр киргизилген.

Бая шаарынын аймагында абал өзгөчө оор болду. Шугавица дарыясынын айрым тармактары дээрлик толугу менен кургап, жергиликтүү экосистемага олуттуу зыян келтирди. Эң оор күндөрдүн биринде суунун тереңдиги болгону 14 сантиметрди түзүп, мурунку антирекорддон эки эсеге аз болгон.

Жергиликтүү суу чарба башкармалыгынын суу ташкынынан коргоо жана дарыяларды башкаруу бөлүмүнүн жетекчиси Чаба Абони учурдагы абал эмес, узак мөөнөттүү тенденция эң чоң тынчсызданууну жаратып жатканын билдирди. Анын айтымында, акыркы 125 жылда Дунайда суунун деңгээли 21 жолу бир метрден төмөн түшкөн, анын 14ү акыркы 25 жылга туура келет.

Бул окумуштуулардын көптөн бери эскертип келе жаткан нерсесин тастыктайт: Дунайда суунун деңгээли төмөн болгон мезгилдер барган сайын тез-тез болуп, узакка созулуп, мурдагыдан да төмөн көрсөткүчтөргө жетет.
Чаба Абони

Эксперттин айтымында, мурда жаан-чачын жетишсиз болгон учурда Дунайдагы суунун деңгээлин Альп тоолорунан эриген кар суулары толуктап турган. Бирок глобалдык жылуулуктан улам Альп мөңгүлөрү бир топ артка чегинип, суу запастары кыскарган. Адистин айтымында, дарыядагы суунун деңгээлин тез арада толуктоо мүмкүн эмес.