Руслан Акундун жаңы көрүнөт тасмасынын расмий постери ачыкка чыкты. Бул долбоор «Рай под ногами матерей» жана «Нелегал: Через Мексику» тасмалары менен иштеген команданын кийинки иши болуп саналат.

Сюжет 2001-жылдын 1-сентябрында Аманат шаарында болуп өткөн окуяларга негизделген. Белгисиз вирус эки күндүн ичинде бүтүндөй шаарды кооптуу аймакка айландырып, аскердик күчтөр шаардын бардык чыгуу жолдорун жаап коюшат. Жергиликтүү мектепте жана ооруканада калган адамдар инфекциядан жана адамдык сапаттарын жоготкон жандыктардан аман калуу үчүн күрөшүүгө мажбур болушат.

Тасманын жаратуучуларынын айтымында, бул жөн гана аман калуу үчүн күрөш эмес, бул — кырсык учурундагы сүйүү, ата-энелик жоопкерчилик жана адамдын чыдамкайлыгы жөнүндөгү окуя.

Түшүрүү иштери 2026-жылдын август жана сентябрь айларында жүргүзүлгөн. Кээ бир сценарийлерди тартуу үчүн Кыргызстанга атайын техника алып келип, чет элдик адистер чакырылган. Долбоорду Egemen жана AZO Originals студиялары Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясынын колдоосу менен сунушташат.

Тасмада төмөнкү актёрлор башкы ролдорду аткарышкан:

Тасманын актёрлору · 16

  1. Эмиль Эсеналиевбашкы роль
  2. Айсанат Эдигеевабашкы роль
  3. Омурбек Израиловбашкы роль
  4. Нуркыз Токтогоновабашкы роль
  5. Улан Омуралиевбашкы роль
  6. Эрбол Руслановбашкы роль
  7. Адеми Аваскановабашкы роль
  8. Саламат Калыбек уулубашкы роль
  9. Калипа Таштановабашкы роль
  10. Аделина Сатыбалдиевабашкы роль
  11. Айсалкын Кыйыкбаевабашкы роль
  12. Турганбубу Бообековабашкы роль
  13. Бекбол Майрамбековбашкы роль
  14. Азалия Сабыровабашкы роль
  15. Жанара Борисовабашкы роль
  16. Бакытбек Тороевбашкы роль