Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна жасаган жумуш сапарынын алкагында Токтогул районунун аймагындагы иш-чараларда сөз сүйлөгөн. Ал энергетика тармагынын өнүгүшүнө өзгөчө көңүл буруп, Токтогул районунун өлкөнүн энергетикалык келечеги үчүн маанилүү ролун атап кетишкен.

Энергетикалык көз карандысыздык жана стратегиялык долбоорлор

Ммамлекет башчысы аймакта өлкөнүн ири стратегиялык долборунун бири – Камбаратинская ГЭС-1 куруу иши жүрүп жатканын белгилеген. Президент бул долбоордун ишке ашырылышы Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылуу үчүн чечүүчү мааниге ээ деп билдирген.