Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов өзүнүн социалдык тармактардагы баракчасы аркылуу кесиптешине жүрөк операциясын жасаганын билдирди. Осмоновдун айтымында, жасалган кийлигишүү инфаркттын алдын алууга мүмкүндүк берген.

Бүгүн мен үчүн өзгөчө жумушчу күн болду. Кызматтык милдеттеримди аткаруудан тышкары, дарыгер катары кесиптешиме операция жасап, стент орноттум. Бактыга жараша, биз инфаркттын алдын өз убагында алдык.
Дамир Осмонов

Министр медициналык сырды сактоо максатында операция жасалган башка министрдин атын атаган жок. Осмонов мамлекеттик кызмат өтөө чоң жоопкерчиликти жана туруктуу күч келтирүүнү талап кыларын, бирок эң негизгиси — адамдын ден соолугу экенин белгиледи.

Дамир Осмонов кардиолог болуп иштейт. Ал министрлик кызматка дайынланганга чейин бир нече жыл бою Түркияда, Казакстанда жана Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоо менен алектенген.