Нью-Йорктогу БУУнун Жогорку деңгээлдеги Ассамблеясынын алкагында Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов ВОЗдун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус менен маек курду.
Министр ВОЗдун Кыргызстанга узак жылдар бою көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирип, кызматташтыкты мындан ары чыңдоого кызыкдар экенин белгиледи.
Маекте жол кырсыктардын жабырлануучуларына медициналык жардам көрсөтүүнү өнүктүрүү, саламаттык сактоо системасын туруктуу кылуу, биринчи медициналык-санитардык жардамды жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү, санариптик саламаттык сактоону өркүндөтүү жана балдардын онкология кызматынын деңгээлин көтөрүү өңдүү приоритеттүү багыттар каралды.
Дамир Осмонов ВОЗдун балдардын рагына каршы күрөшүүчү глобалдык платформасына Кыргызстандын адистештирилген медициналык мекемесин кошуу маселесине өзгөчө көңүл бурду. Ошондой эле өлкөдө санариптештирүү долбоорлору, анын ичинде телемедицинаны ишке киргизүү тууралуу маалымат берди.
ВОЗдун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус Кыргызстанга саламаттык сактоо системасын, анын ичинде биринчи медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүү боюнча колдоосун улантууга даяр экенин көрсөттү.
Ошондой эле ал балдардын онкологиясы багытындагы Кыргызстандын демилгесин колдоп, ВОЗдун глобалдык платформага кошулуу боюнча зарыл жардам көрсөтөрүн маалымдады.






