«Дордой» рыногундагы ишкерлердин салыктык тартибинин жогорулашы бюджеттик түшүүлөрдүн бир нече эсе өсүшүнө алып келди. МТШБ төрагасы Алмамбет Шыкмаматов «Ачык кабинет» долбоорунун алкагында билдиргендей, салыктык төлөмдөрдүн учурдагы көрсөткүчтөрү 900–950 млн сомдун чегине жетти.

салыктык төлөмдөр400 млн сом950 млн сом +138%

МТШБ төрагасы өткөн мезгилде ведомствога тынымсыз текшерүүлөрдү жүргүзүү жана бизнес субъекттерин милдеттенмелерди аткарууга мажбурлоо талап кылынганын белгиледи. Бирок учурдагы динамика башка кырдаалды көрсөтүүдө.

Бул түшүндүрүү иштеринин, салык маданиятын жогорулатуунун жана жеңилдиктерди берүүнүн аркасында ишке ашты
Алмамбет Шыкмаматов, МТШБ төрагасы

Легалдуу ишмердүүлүктү стимулдаштыруу куралдары катары салык органдары маалыматтык кампанияларды жана салыктык преференцияларды берүүнү айкалыштырып колдонду.