К. Базарбаев атындагы мамлекеттик жаратылыш коругу «Каратал-Жапырык» кызматкерлери Нарын экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын регионалдык башкармалыгынын инспекторлору менен биргеликте Жумгал районунда текшерүү жүргүзүштү. Рейд Сон-Көл көлүнүн корук аймагына чектеш турган аймакты камтыды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө суу булагынан эрежелерди бузуу менен орнотулган эски синтетикалык торлор чыгарылган.

Бул чаралар региондун экосистемасын коргоого жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу чөйрөсүндөгү белгиленген мыйзамдык ченемдерди сактоого багытталган.