Талас облусундагы Киров суу сактагычында Экология жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан мыйзамсыз балыкты кармоо аракеттерин алдын алуу максатында рейд жүргүзүлдү.

Рейд учурунда 600 метрге жакын синтетикалык балык торлору суудан алынып салынды. Бул тууралуу Табигатты коргоо жана экология министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, быйылкы жылы Киров суу сактагычында жалпы 13 рейд өткөрүлүп, натыйжада 3 050 метр мыйзамсыз тор жана 250 килограммдын тегерегиндеги таштандылар чогултулду.

Синтетикалык балык торлору балыктардын табигый көбөйүшүнө тоскоолдук кылып, суу экосистемасына терс таасир тийгизет.

Министрлик мыйзамсыз балык кармоого каршы үзгүлтүксүз рейд иштерин улантып, сууларды таза кармоо боюнча чараларды күчөтүүдө.