Сон-Көл көлүндө балык запастарын жасалма түрдө кайра калыбына келтирүү боюнча иштер жүрүп жатат. Анын алкагында 6,2 миллион сига-лудоги икрасы алынды. Учурда адистер икраны жасалма түрдө урундуруп, атайын инкубациялык аппараттарга жайгаштыруу процессин жүргүзүүдө.
Бул иштерди «Кыргызрыбхоз» мамлекеттик ишканасынын Сон-Көл филиалы аткарууда. Иш-чаралар мамлекеттик балык чарбалык суу бассейндеринде 2026–2027-жылдарга карата бекитилген планга ылайык жүргүзүлүүдө.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык чарба комплексинин департаментинин маалыматы боюнча, аталган план Улуттук илимдер академиясынын Биология институту менен макулдашылган. Бекитилген планга ылайык, мамлекеттик суу бассейндериндеги балык запасын көбөйтүү боюнча иштер улантыла берет.










