Чүй облусунун Кара-Балта шаарында «Стандарт Фарм Групп» ЖЧКсынын фармацевтикалык өндүрүш комплекси курулууда. Долбоорго жумшалган инвестициялардын жалпы көлөмү 41,2 миллион доллар деп бааланууда. Иштин жүрүшүн Кыргызстандын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчиси Равшанбек Сабиров текшерди.

Жаңы аянтча дары-дармектерди, физиологиялык эритмелерди жана желатин капсулаларын кошкондо продукциялардын кеңири спектрин чыгарууга адистешет. Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте билдирилгендей, долбоорду ишке ашыруу атаанчык фарминдустрияны өнүктүрүүгө жана өлкө ичиндеги медициналык продукциялардын ассортиментин кеңейтүүгө багытталган.

Мониторинг учурунда кадрдык маселеге өзгөчө көңүл бурулду. Равшанбек Сабиров компаниянын жергиликтүү студенттерди окутуу жана андан кийин аларды жумушка орноштуруу практикасын белгиледи. Анын айтымында, квалификациялуу адистерди даярдоо жана жаштардын кесиптик өсүшү үчүн шарттарды түзүү тармак үчүн стратегиялык мааниге ээ.