Талибан башкаруусундагы Афганстан өзгөчө АКШдан Кабулдагы элчиликти кайра иштетип баштоо менен өлкөнүн экономикасына инвестицияларды көбөйтүүнү суранды.
Бул тууралуу Афганстандын Тышкы иштер министри Амир Хан Муттаки The New York Timesке берген маегинде билдирди.
Министрдин айтымында, элчиликти кайрадан ачуу жана инвестиция салуу экономикалык байланыштарды жандандырып, өлкөнүн өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.
Ушундай чакырык эл аралык коомчулуктан Афганстанды колдоого жана өлкөдө туруктуу экономикалык таасир орнотууга багытталган.


