Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 2026-жылдын 25-июлунда Чолпон-Ата шаарында Пакистандын премьер-министринин орун басары, тышкы иштер министри Мухаммад Исхак Дар менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул жолугушуу Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) мүчө-мамлекеттеринин Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынынын алкагында болгонун КР Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн оң динамикасын канааттануу менен белгилешти. Алар соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-логистикалык, банктык-финансылык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүүнү мындан ары кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле, регионалдык долбоорлорду илгерилетүүгө, ШКУнун алкагындагы кызматташтыкка, регионалдык жана эл аралык актуалдуу маселелерге өзгөчө көңүл бурулду. Алдыдагы жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги байланыштардын графиги да каралды.