Улуттук Таможен кызматы кызматкердин кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланганы тууралуу кылмыш ишин тергөөдө.
Видео материалдарда кызматкердин коллегаларынын көз алдынча кызмат ордунан кармалып, андан кийин тинтүү жүрүп жатканы көрсөтүлдү.
Мамлекетке жалпы 5 миллион 686 миң 218 сом өлчөмүндө зыян келтирилгени аныкталды.
Кызматкер Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-статьясы боюнча айыпталуучу катары катталып, соттун чечими менен убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда кошумча кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо максатында тергөө-оперативдик иш-чаралар жүрүүдө.






