«Туңгуч» кичирайонундагы Анкара көчөсүндө шаардык суу түтүк тармагындагы авариялык кырдаалдан улам келип чыккан түнкү суу каптоо катталды. Тургундар түнкү убакта болгон суу каптоо боюнча ЖМКга кайрылып, даттанышты.

Бишкек мэриясынын маалыматы боюнча, бул районддо диаметри 160 мм болгон полиэтилен суу түтүгүндө агым болгон.

Ишкананын кезекчи авариялык бригадасы тез арада окуя болгон жерге барып, агымды жоюу боюнча зарыл чараларды көрдү. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында агым саат 03:00 чамасында токтотулду
Бишкек мэриясы

Мэрия билдиргендей, окуя болгон жерге келгенден кийин авариялык бригада окуянын кесепетин толук жоюу боюнча ишти улантты.

Тургундар кескин карама-каршылыкты белгилешти: жай мезгили суунун жетишсиздиги менен өткөндөн кийин, күзүндө олуттуу суу каптоо болду.