Wildberries компаниясы жана Кыргызстандын тигүү жана жеңил өнөр жай ассоциациялары Кыргызстандан товарлары зыянга учураган сатучуларга колдоо көрсөтүү максатында координациялык штаб түзүштү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

2026-жылдын 28-июлунда министр Бакыт Сыдыков Wildberriesтин башкы жана жергиликтүү кеңселеринин өкүлдөрү, тигүү жана жеңил өнөр жай ассоциацияларынын мүчөлөрү, сатучулар жана жүк ташуучулар менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда товарлары зыянга учураган сатучуларга компенсация төлөө, логистикалык процесстерди калыбына келтирүү, сатучуларга колдоо берүү жана электрондук коммерцияны өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Координациялык штаб сатучулар менен байланыш түзүү, компенсация үчүн арыздарды карап чыгуу, төлөмдөрдү жүргүзүү жана зыянга учураган товарларды чыгаруу боюнча иштерди жүргүзөт.

Wildberries компаниясы биринчи бөлүк компенсацияларды төлөөнү баштаганын билдирди. Зыянды толук баалоо аяктаганда компенсациянын так механизми жана кийинки кадамдар жарыяланат.

Экономика министрлиги өз кезегинде ички өндүрүшчүлөрдү, айрыкча тигүү тармагындагы ишканаларды колдоонун кошумча чараларын иштеп чыгууда. Алар финансылык жүктү азайтып, өндүрүштү, жумуш орундарын жана экспорттук иштерди сактоого багытталган.

Wildberries компаниясынын өкүлдөрү Кыргызстандын рынокто приоритеттүү экенин белгилешти жана бизнес процесстер штаттык режимде улантылып жатканын айтышты.