Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында байдарка жана каноэ боюнча спортчуларды даярдоочу базаны жаңылоо жана модернизациялоо иштери жүргүзүлөт. Бул долбоор спорт инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган.
Мамлекеттик физикалык маданият жана спорт агенттигинин директору Урмат Асанбаев аталган объектке барып, анын материалдык-техникалык абалы, спорттук инфраструктурасы жана машыгуу процесси кандай уюштурулганын текшерди.
Сапардын жыйынтыгы боюнча, агенттиктин жетекчиси спорттук базанын укуктук статусун жөнгө салуу жана аны комплекстүү реконструкциялоо маселесин иштеп чыгуу боюнча тийиштүү тапшырмаларды берди.
Аталган иштер спортчулардын машыгуусу үчүн заманбап жана талапка жооп берген шарттарды түзүүгө кызмат кылат.


















