Кыргызстан кышкы мезгилде өзүнүн бийик кар капкан тоолору, таза көлдөрү жана кооз жаратылышы менен туристтерди өзүнө тартат. Өлкөдө кышкы туризмди өнүктүрүү жана эс алууну уюштуруу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Бул жылы туристтерди ар кандай тоолуу маршруттар жана жаңы эс алуу жайлары күтөт.
Эң популярдуу курорттор
Кыргызстандагы эң белгилүү эс алуу жайларынын тизмесине «Каракол», «Орловка», «Чункурчак», «Кашкулак», «ЗИЛ», «Тогуз-Булак», «Норус», «Кашка-Суу», «Оруу-Сай» жана «Тоо-Ашуу» сыяктуу тоолук лыжа базалары кирет.
Жаңы кластердин ачылышы
Бул жылы эс алуу жайларынын тизмесине Ысык-Көл облусундагы «Ала-Тоо Резорт» тоо кластери кошулду. Анын алкагында 1-декабрда «Жыргалан Резорт» курортунун биринчи этабы ачылат деп пландалууда.
Биринчи этапта ишке кирүүчү объектилер
«Ала-Тоо Резорт» ААК башкармалыгынын төрагасынын кеңешчиси Аскат Чолпонбаевдин айтымында, лыжа трассалары даярдык деңгээлине жараша төрт категорияга бөлүнөт. Алар жаңы баштагандарга, орто деңгээлдеги лыжачыларга жана тажрыйбалуу спортчуларга ылайыкталган.
Ачылышка чейин лыжа жана сноуборд жабдууларын ижарага берүү пункттары, ски-пасс сатуучу жайлар, унаа токтотуучу жайлар жана этногородок сыяктуу башка объекттер даярдалууда.















