Ысык-Көл облусундагы балык чарбасы департаменти спорттук жана хобби балыкчылык жүргүзүү жагынан кызматтарды санариптештирүү аракеттерин жогорулатууда.
Кекилик участкасында орнотулган жаңы маалымат стенди балыкчыларга балыкчылык жүргүзүүнүн эрежелери жана тартиби тууралуу маалымат берет.
Стендде жайгаштырылган QR-код аркылуу балыкчылар балыкчылык билетин электрондук түрдө ала алышат, бул үчүн тиешелүү департаментке баруунун кажети жок.
Департаменттин максаты – балыкчылык билеттерин алуу процессин жеңилдетүү, калктын балыкчылык эрежелери боюнча маалыматын жогорулатуу жана суунун биоресурстарын мыйзамдуу пайдаланууну колдоо.
Бул стенд – пландаштырылган 50 стенддин ичинен биринчи орнотулган үлгү. Азыркы учурда Ысык-Көлдүн башка балыкчылык аймактарына дагы мындай стенддер орнотулууда.
Алгачкы 50 стенддин орнотулушунан кийин, келечекте 100 дөн ашуун санариптик маалымат стенддерин коюу пландалууда.



