Кыргызстандык мектеп окуучулары Эл аралык искусственный интеллект олимпиадасында ийгилик жаратып, алтын жана күмүш медалдарды жеңип алышты.
10-класстын окуучу Сабыр Алымбеков күмүш медалды алган, ал эми Ян Бобрус алтын медалдын ээси болду. Жалпысынан Кыргызстанды төрт окуучу өкүлдөдү.
Сабыр Алымбековдун жеңиши алгач өлкө үчүн дүйнөлүк деңгээлде таанылууга алып келип, тактап айтканда жыл сайын 10 миң долларлык окуу төлөмүн 100% чегерүү мүмкүнчүлүгүн берди.
Бул жетишкендик Кыргызстанды олимпиаданын 15 мыкты өлкөлөрүнүн катарына киргизди, бул өлкөнүн билим жана технология тармагындагы өсүшүн чагылдырат.














