Жапон компаниялары Кыргызстандын аймагында казылып алынган сурьманы жана кремнийди, сырьелук компоненттерди сатып алууга кызыгуусун билдиришти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиевдин Японияга расмий сапары учурунда ири жапон бизнесинин өкүлдөрү менен болгон жолугушууларынын жыйынтыгы боюнча белгилүү болду.