Материалдар: 2
Жети-Огуз районундагы Барскоон айылынын жанынан Кытай менен чектешкен "Бедель" өткөрмө пунктуна жаңы жол курулуп жатат. Барскоон-Бедель трассасы Бишкек менен Кытай чек арасында жүрүү аралыкты жана убакытты олуттуу кыскартат. План боюнча жолдун толук ишке кириши 2030-жылдын аягына белгиленген.
2026-жылдын 13-август күнү Ысык-Көл облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул туурасында Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту маалымдады. Жер титирөөнүн очогу Кара-Сай айылынан түндүк-чыгышка карай 22 чакырым алыстыкта жайгашкан.