Материалдар: 1
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу филиалында Кыргыз Сорт сынак станциясы тарабынан жаңы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түрлөрүн өндүрүшкө киргизүү багытында семинар уюштурулду. Ага катышкандар жаңы сорттордун түшүмдүүлүгү, аба-ырайына ылайыктуулугу жана өсүмдүк ооруларына туруктуулугу тууралуу маалымат алышты. Фермерлер адистерден технологиялар боюнча кеп-кеңештерин алышты.