Материалдар: 1
Ысык-Көл областынын Тон районунда Аквакультура жана балык өстүрүү боюнча Регионалдык борбордун курулушу бүткөрүлүп, ачылышы менен байланышкан даярдыктар жүрүүдө. Кыргызстандын суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Кореянын адистери тыгыз кызматташып, заманбап технологияларды киргизүү жана эки тараптуу кызматташууну бекемдөө максатында аталган борборду ишке киргизүү алдында турат.