Ысык-Көл облусунун Тон районуна Аквакультура жана балык өстүрүү боюнча регионалдык борбордун курулушу аяктап, аны расмий ачууга даярдык көрүлүүдө.
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Балык чарбасы департаментинин жетекчилиги жана адистери Кореянын деңиз институтунун директору Чо Чонхи менен жолугушуп, курулушту бүтүү жана ачылуу иш-чаралары боюнча макулдашууларга жетишти.
Жолугушууда объектти кабыл алуу үчүн зарыл болгон бардык мыйзамдуу документтерди даярдоо маселелери каралды.
Ишке киргизүүдө жаш компания "Дрим Хаус" жана министрликтин өкүлдөрү да активдүү катышууда.








