Материалдар: 1
Баткен облусунун президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов менен Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Хайрулло Бозаров Шахимардан аймагында жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Жолугушууда соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, биргелешкен туристтик зонаны өнүктүрүү жана айыл чарба продукцияларын алмашуу үчүн логистикалык борборлорду түзүү боюнча макулдашууларга жетишилди.