Материалдар: 1
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин инспекторлору Көк-Арт өрөөнүндөгү эс алуу жайларында текшерүү жүргүзүп, айлана-чөйрөнү булгаган фактыларды аныктады. Рейддин жыйынтыгында сегиз объектке эскертүү берилип, таштандыларды мыйзамсыз сактагандыгы жана агынды сууларды төккөндүгү үчүн жалпысынан 15 500 сом айып салынды.