Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Экологиялык жана техникалык кызматынын инспекторлору Жалал-Абад облустук башкармалыгынын инспекторлору менен бирге Көк-Арт өрөөнүндөгү эс алуу жайларында рейдик иш-чараларды өткөрүштү.
Иш-чаранын негизги максаты айлана-чөйрөнү булгаган агынды сууларды төгүүнүн алдын алуу, ошондой эле тиричилик калдыктарын мыйзамсыз сактоону жана таштандыга таштоону болтурбоо болгон.
Текшерүүнүн жыйынтыгында сегиз эс алуу объектисине айлана-чөйрөнү коргоо мыйзамдарын бузууга жол бербөө талабы менен эскертүү каттары тапшырылды.
«Бай Кут» эс алуу жайынын аймагында тиричилик калдыктарын белгиленбеген жерге таштаган факт аныкталган. Аталган эреже бузуу боюнча административдик протокол түзүлүп, күнөөлүү жаранга 5 500 сом өлчөмүндө айып салынды.
Ошондой эле, «Нур Ордо» эс алуу жайынын аймагында агынды суулардын жер бетине агып чыгуусу фактысы катталды. Бул эреже бузуу үчүн жооптуу адамга 10 000 сом административдик айып салынды.










