Материалдар: 4
Дунай дарыясынын суусунун азайышы себептүү Венгриядагы "Пакш" атомдук электр станциясынын бир энергоблогун токтотууга туура келди. Бул абал өлкөнүн энергия тармагында кризисти жаратып, Евробиримдик шашылыш жыйынга чогулууга аргасыз болду.
Бишкекте 29-июлда билим берүү министрлигинде Европа Биримдигинин DARYA долбоору менен башталгыч кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү боюнча жыйналыш өткөрүлдү. Жыйында практикалык окутууну кеңейтүү, мугалимдердин сапатын жогорулатуу жана кесиптик стандарттар боюнча улуттук семинарды уюштуруу талкууланды.
Өлкө башчысынын атайын өкүлүнүн жетекчилиги астында өткөн жыйында Кыргызстанда эл аралык санкциялар режимин сактоо маселелери каралып, мамлекеттик саясаттын жүзөгө ашырылышы талкууланды. Өкүлдөр чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн өлкөнүн санкцияларды айла-амал менен айланып өтүүгө каршы аракеттерин жогору баалаганын белгилешти. Ошондой эле "ЭкоИсламик Банк" ачык акционердик коомуна каршы киргизилген санкциялар боюнча маселе көтөрүлдү.
Европа Биримдигинин (ЕС) Орусияга каршы багытталган 21-санкциялар пакетине Кыргыз Республикасынан үч компания жана бир коммерциялык банк кошулду. Бул маалыматты ТАСС агенттиги таратты, анда банктын Орусиянын Каржылык билдирүүлөрдү берүү системасы (СПФС) менен байланышы бар экендиги белгиленет.