Кыргызстанда инклюзивдик билим берүү, STEAM жана билим берүүнү каржылоо багыттары боюнча 243 улуттук тренер даярдалды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин пресс-кызматы билдирди.
Европа биримдигинин колдоосу менен 2024-жылдын декабрында башталган Twinning долбоорунун жыйынтыктары 19-ноябрда Бишкек шаарында өткөн жыйынтыктоочу конференцияда тааныштырылды.
Даярдалган адистердин саны алгач коюлган максаттардан жогору болду. Алгачкы план боюнча инклюзивдик билим берүү боюнча 75, STEAM боюнча 75 жана каржылоо боюнча 20 адамды окутуу пландалган.
Долбоордун натыйжалары
Долбоордун алкагында үч окутуу программасы иштелип чыкты, 60дон ашык европалык адис катышкан 50ден ашык эксперттик миссиялар өткөрүлдү. Ошондой эле 64 кыргызстандык эксперт үчүн Литвага таанышуу иш сапарлары уюштурулду.
Маанилүү жыйынтыктардын бири — Мамлекеттик билим берүү стандартын жаңылоо болду. Эми анда өзгөчө билим берүү муктаждыгы бар балдар үчүн ыңгайлаштырылган программалар жана жеке билим берүү траекториялары жөнүндө ченемдер камтылды.
«Ачык класс» инклюзивдик билим берүү модели тогуз мектепте сыналып көрүлдү. Мындан тышкары, STEAM ыкмалары улуттук окуу программаларына киргизилди, ал эми билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн 53 пилоттук мектепте «Сапат себет» модели тестирлөөдөн өтүүдө.




















