УюмЭскерүүлөр: 5

Кыргызстан аймагында жер титирүү болгон. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, бүгүн, 12-октябрда саат 09:04дда 4,5 магнитурадагы жер титирүү болуп өткөн. Сейсмологдордун маалыматы боюнча, жер титирүүнүн борбору Заалай тоосунда, Ош шаарынан түштүк-чыгыш багытта жайгашкан Джар-Башы жана Ачык-Суу айылдарынын жанында болгон.

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, Кыргызстанда 3-октябрда 3,3 магнитурадагы жер титирүү болуп өткөн. Анын очогу 23 километр тереңдикте жайгашкан. Жер титирүү эпицентри Кыргызстан аймагында, Шура айылынан түштүк-чыгыш багытта 5 километр, Казарман айылынан түштүк-чыгыш багытта 15 километр аралыгында жайгашкан.
Бул баракта жазылгандан көбүрөөк билесизби? Толуктоо сунуштаңыз — жарыялаганга чейин текшерүүдөн өтөт.
Кырлар — бир Story ичиндеги биргелешкен эскерүүлөр. Профилди ачуу үчүн түйүндү басыңыз.