Материалдар: 2
Испания жана Францияда абдан ысык аба ырайы, кургакчылык жана күчтүү желдин шартында ири токой өрттөр жаратып жатат. Өрттөрдөн улам эки өлкөдө жалпы 300 миңден ашык киши коопсуз аймакка чыгарылды.
Франциянын түштүк-батышын жана Испаниянын борбордук бөлүгүн ири токой өрттөрү каптады. Анын айынан жергиликтүү бийлик жүз миңдеген адамдарды эвакуациялоого аргасыз болду. Испанияда өзгөчө кырдаал режими киргизилип, өрт ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурасынын объекттерине коркунуч келтирүүдө.