Ири токой өрттөрү Франциянын түштүк-батыш аймактарын жана Испаниянын борбордук бөлүгүн каптады. Бул кырсыктан улам 200 миңден ашуун адам эвакуацияланып, жабыркагандар да катталды. Euronews билдиргендей, Испанияда токой өрттөрүнө байланыштуу тарыхта биринчи жолу өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Франциядагы абал

Францияда Атлантика океанынын жээгинде жайгашкан Кап-Ферре курорттук жарым аралынан адамдар толугу менен эвакуацияланды. Жергиликтүү тургундар жана туристтер кургактык жана суу аркылуу чыгарылган. Болжол менен 1 500 адам Аркашонго суу таксилери жана ири кемелер менен жеткирилди.

Жиронда департаментинде миңге жакын өрт өчүрүүчү от менен күрөшүп жатат. Франциянын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, бул аймактан 110 миң адам, ал эми коңшу Ланд департаментинен 31 миң адам эвакуацияланган.

Франциядагы өрттүн кесепеттери