Материалдар: 1
Кыргызстандын Энергетика министрлиги Ош облусунда 220/110/10 кВ чыңалуудагы «Исанова» подстанциясын курууну баштоону жарыялады. Бул долбоор энергетикалык инфраструктураны чыңдоого жана өлкөдө кайра жаралуучу энергия булактарын интеграциялоого багытталган. Подстанция куруу проекты «Кыргыз Республикасында кайра жаралуучу энергетиканы өнүктүрүү» (KRED) программасынын алкагында ишке ашырылып, анын жалпы бюджети 35,5 миллион АКШ долларын түзөт.