Ош облусунда «Исанова» аттуу жаңы 220/110/10 кВ чыңалуудагы подстанция курулат. Ал жогорку чыңалуудагы электр өткөрүү линиялары аркылуу улуттук электр тармагына туташтырылат.

Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, долбоор Кыргызстандагы энергетикалык инфраструктураны бекемдөөгө жана кайра жаралуучу энергия булактарын тармакка туташтыруу шарттарын түзүүгө багытталган.

«Исанова» подстанциясын куруу «Кыргыз Республикасында кайра жаралуучу энергетиканы өнүктүрүү» долбоорунун биринчи этабынын алкагында жүзөгө ашырылат. Анын жалпы каржылоосу 35,5 миллион долларды түзөт.

  • 110 кВ чыңалуудагы Кара-Шоро, Кара-Күлжа жана Каратай багытындагы электр өткөрүү линиялары салынат.
  • Подстанция 220 кВ чыңалуудагы Датка–Узловая линиясына туташтырылат.
  • Жаңы линиялардын узундугу болжол менен 76 километр.»

Учурда долбоордук жана тендердик документтерди иштеп чыгуу жүрүүдө.

Бул долбоор энергетикалык өткөрүү системасынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жана ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле келечекте жаңы гидроэнергетикалык жана күн энергиясын пайдалануу объекттерин туташтыруунун зарыл инфраструктурасын түзүүгө мүмкүгүн берет.